Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта
На этой странице возможно добавить:
- Текст
- Фото / Видео / Документы
- Таблицы
- Списки
- Ссылки
- Разные цвета
На этой странице возможно добавить:
Д.Молдогазиев атындагы № 8 Шаты жалпы орто билим берүү мектеби жөнүндө маалымат
1.1 Мектептин аталышы Д.Молдогазиев атындагы № 8 Шаты жалпы орто билим берүү мектеби
1.2 Дареги Ысык-Көл облусу, Түп району, Шаты айылы Нургазиева №4
1.3 Мектептин жетекчисинин аты-жөнү, байланыш телефону
Директор Бектенова Назира Абдыкеримовна +996702886028
1.4 Мектептин, ата-энелер комитетинин
камкордук кеңешинин төрагаларынын аты-жөнү, байланыш телефондору
ата-энелер комитетинин төрагасы Сейитказиев Кубан Кадыракунович +996969362, Камкоручар кеңешинин төрагасы Молдогазиев Тилек Доолотбакович +996703290884
1.5 Менчиктин формасы: __________________муниципалдык_________________
(жеке, мамлекеттик муниципалдык ж.б.)
1.6 Билим берүү уюмунун статусу: ______жалпы орто билим берүү мектеби_____________
(толук эмес орто мектеп, орто мектеп, лицей, гимназия ж.б.)
1.7. ИНН 40311200310107
Мектептин миссиясы:
Мектеп жалпы орто билим берүүчү мекеме болуу менен бирге, башталгыч, нрегизги жана жалпы билим берүүгө багытталат. Ата-энелер коомчулук менен тыгыз байланышта иштөө менен азыркы коомдо натыйжалуу иштөөгө жөндөмдүү, жашоодо өз ордун таба билген, ар тараптан өнүккөн инсанды тарбиялоо.
Д.Молдогазиев атындагы №8 Шаты жалпы орто билим берүү мектебинин администрациясы жана педагогикалык жамааты Билим берүү мыйзамында каралган Улуттук программаларга жана мектеп өзүнүн
уставына ылайык жалпы орто билим берүү менен иш
алып барат. Окуу процесси Билим берүү жана илим
министрлиги тарабынан түзүлгөн базистик окуу
планынын негизинде жүрөт. Мугалимдер ар бир
предмет боюнча бекитилген стандарттын негизинде
КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин
буйругу менен бекитилген программалар боюнча сабак
өтүшөт.
Д.Молдогазиев мектебинин уставы
Молдогазиев мектебинин окуу планы
Статистикалык маалымат (Билим сапаты)
Мектептин билим берүү программасы окутуунун методикалык каражаттары менен мүмкүн болушунча камсыздалган жана окуу методикалык камсыздоо билим берүүнүн максаттарына жана мамлекеттик билим берүүнүн стандарттарына толук жооп берип, андагы талаптарына шайкеш келет. Мектептин окуу методикалык камсыздоо өз ичине төмөндөгү компоненттерди камтыйт: нормативдик-методикалык материалдар (Билим берүүнүн мамлекеттик стандарты, мектептин Окуу планы, окуу программалары, педагогикалык жана көмөкчү персоналдардын иш милдеттеринин инструкциялары, локалдык актылар)
Окуу-компьютердик техникалар -15 компьютер, 1 ноутбук жана 1 интерактивдүү доска, 3 проектр, бар. Окуу-информациялык материалдар (окуу китептери, текшерүү иш, жат жазуу жыйнактары, жумушчу-дептерлер, интернет ресурсу).
Окуу-методикалык материалдар (дидактикалык материалдар, сабактын план конспектилери)
Мектепте окутуу-тарбиялоо процессинин катышуучуларын окуу методикалык камсыздоонун шарттары канчалык деңгээлде канааттандырып тургандыгы боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп турат. Сурамжылоонун негизинде алынган маалыматтар педколлективдин чогулуштарында айтылат. Окуу китептери КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде пайдаланылат.
Мамлекеттик билим берүу стандарты
ДИРЕКТОР АЛДЫНДАГЫ КЕҢЕШМЕНИН ПЛАНЫ
ПЕДАГОГИКАЛЫК КЕҢЕШТИН ИШ ПЛАНЫ
Окутуунун жана тарбиялоону жакшыртуу планы
1. Китепканадагы маалыматтык ресурстар толук эмес, бирок китепканадагы бардык предметтер боюнча.бар. 2. Окуу-усулдук материалдар: окуу куралдары, сабактар боюнча дидактикалык материалдар; маалымдамалар, энциклопедиялар, физика, химия маселелеринин жыйнагы, электрондук окуу материалдары, бардык предметтер боюнча окуу куралдары (көп эмес), сабактар боюнча тесттер. 3.Жетишсиз — 7-8-класстарда англис тили предметинен китептер жетишсиз. (ата-энелер жигердүү жардам берүүдѳ) — табигый илимдер боюнча методикалык колдонмолор. — химия жана физика кабинеттери шаймандар менен жабдылган эмес. Китепкананын жылдык иш мерчеми Предметтик мониторингдер Ижара берилүүчү окуу китептири
|
Билим берүүнүн сапатына, билим берүү программаларына мониторинг жүргүзүү окуучулардын билим жетишкендиктеринин билим берүү программаларына, мамлекеттик стандарттарга жана башка билим сапатына коюлган талаптарга шайкештигин аныктоо максатында жүргүзүлөт. Мектепте билим берүү программаларын баалоонун төмөнкү механизми бар: 1. Башталгыч мектеп: — окучуулардын учурдагы натыйжаларын мурунку этаптагы жыйынтыктар менен салыштырууга жардам берген окучуулардын ишине кайтарым байланыш берген жазуу жүзүндө жана оозеки отчеттор; — билимдин натыйжалары катары таанып-билүү процесстеринин, мотивациясынын, компетенттүүлүгүнүн өнүгүшүн оозеки баалоо; — натыйжаларга жана инсандык өнүгүүгө карата окучуулардын жетишкендиктерин көзөмөлдөө жана ар бир окуу жылынын аягында жыйынтыктоочу бааны берүү; — ар кандай баалоо ыкмаларын (диагностикалык, формативдик, суммативдик) колдонуу; — көйгөйлөрдү биргелешип чечүү үчүн окуу процессиндеги прогресс жана кыйынчылыктар жөнүндө ата-энелерге маалымат берүү. 2. 5 — 11 класстар — натыйжаларга жетишүүгө жана инсандык өнүгүүгө карата окучуулардын прогрессине көз салат; — ар кандай формалар (жекече, топтук, оозеки, жазуу жүзүндө), сапаттык жана сандык баалоо ыкмалары жана куралдары колдонулат; — окуучуларга жана алардын ата-энелерине биргелешип көйгөйлөрдү чечүү үчүн окуу процессиндеги ийгиликтер жана кыйынчылыктар жөнүндө маалымат берилет. Эгерде мектеп окуучулары жана алардын ата-энелери арасында жүргүзүлүп жаткан билим берүү программаларындагы изилдөөлөргө канааттануу даражасы жөнүндө сурамжылоонун жыйынтыгын талдап көрсөк математика, химия, физика, орус тили жана орус тили сабактарынан кошумча сабактар тутумун киргизүү зарылдыгы аныкталды. mamlekettik-bilim-ber-u-standarty Мамлекеттик билим берүу стандарты Ата-энелер университетинин иш планы Педагогикалык кеңешменин протоколдору
|
1. Окуу планы жана программалары мамлекеттик билим берүү стандартынын жана базистик окуу планынын талаптарына толугу менен ылайык келет; 2. Окуу планындагы бардык предметтер боюнча квалификациялык билимге ээ мугалимдер сабак беришет. Билим берүү программасынын талабына шайкеш келет. 3. Компьютердик класстын жана интернеттин болушу. 4. Мугалимдердин жогорку кесиптик квалификациясы. 5. Ата-энелердин мектеп менен ар дайым тыгыз байланышта
|
1. Мугалим, тарбиячылардын методикалык окуу куралдарынын жана адабияттардын электрондук банкын түзүү иштерин улантуу.
2. Окуучулар парламентинин окуу китептеринин сакталышы боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүү практикасын улантуу.
Жалпы билим беруучу уюмдун негизги максаты жалпы билим беруучу программалардын мазмунун милдеттуу тѳмѳнкү кѳрсѳткүчтѳ кездештуруунун негизинде окугандардын инсандыгынын жалпы маданиятын тузуу, аларды коомдун турмушуна конуктуруу, жалпы таанылган тандоо учун негиздерди тузуу жана андан ары кесиптик билим беруу программаларын кездештуруу жана жарандуулукка тарбиялоо. Жалпы билим беруучу уюмдун ишмердигин предметтин башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим беруунун жалпы билим беруучу программаларын ишке ашыруу болуп эсептелет. Билим берүү максатына таянуу менен, мектеп окуучулардын жеке жана билим берүүчү компетенттүүлүгүн түзө турган мындай шарттарды, башкача айтканда, ар кандай өзгөрүлүп жаткан дүйнөдө жеке жана социалдык жыргалчылыкты камсыз кылган жарандык кесиптик ишмердүүлүккө инсандын даярдыгын камсыз кылууга умтулат. Мектептин билим берүү максатына жетүү окуучулардын баалуулук мамилесин жана билим берүүнүн натыйжаларын түзүүчү билим берүү натыйжаларына алып келет (Госстандарт боюнча), б.а. бүтүрүүчүлөрдүн жеке, жарандык кесиптик муктаждыктарын ишке ашырууну камсыз кылган ар бир студент үчүн ачкыч жана предметтик компетенттүүлүктү өздөштүрүүнүн жеке деңгээли. Мугалим ар бир сабакты пландаштырууда окуучунун көз карашынан үч максатты коет: сабактын темасына ылайык билим берүүчү, өнүктүрүүчү жана тарбиялоочу. Максаттарга ылайык, ал негизги компетенцияларды түзөт: маалыматтык, социалдык жана коммуникативдик, өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү жана предметтик компетенттүүлүктөр. Ата-энелер чогулушунун протоколдору |
Окутуу-тарбиялоо процессинде ар кандай инновациялык технологияларды колдонуу жана билүү — замандын талабы. Мектептин усулдук темасында белгиленгендей мугалимдер өз сабактарында жаңы инновациялык технологияларды сабактарында колдонуп, чыгармачылык менен сабак өтүп келишет. Өзгөчө пандемия убагында усулдук бирикмелер арасында онлайн шартта сабак өтүүдөгү жаңы технологияларды үйрөнүү боюнча семинарлар өткөрүлдү. Бирикме боюнча инновациялык технологиялар ыңгайлаштырып камсыздалган. Мектеп ичинде өткөрүлгөн декадаларда, ачык эшик күңдөрүндө, күнүмдүк сабагында толугу менен колдоно алышат. Интерактивдүү панелди колдонуу менен онлайн тесттерди ала алышат. Инновациялык технологияларды мугалимдер толугу менен эле өздөштүрө алышты. Пандемия мезгилинде мугалимдер окуучуларга Google meet, Gmail, ZOOМ, Telegram, YouTube, Cooglforms,Padlet, Quizizz, Kahut, Google form (онлайн тесттер)ж.б. платформаларды колдонуу менен сабактарды берип, кайрадан кайтарым байланыш иши дагы жүрүп жатты. Quizizz, Kahut платформасын мектепте колдонуп, тесттин жыйынтыгын дароо чыгара алышат. Padlet онлайн тактасы мектеп тактасынын кызматын аткарып турду. Дистанттык окутуу Чынгыз Айтматов Эрте келген турналар Дистанттык окутуу Табыш тууранды сөздөр
|
Билим берүүнүн стандарттык талабына ылайык окутууну баалоодо жана корректирлөөдө баалоонун түрлөрү колдонулат (критерий, көрсөткүч, ички баа берүү, сырткы баа берүү, мониторинг, байкоо жүргүзүү, маектешүү, өзүнө баа берүү, маалыматтарды чогултуу). Мектептин директору, окуу-тарбия иштери боюнча орун басары тарабынан жылына өзүн-өзү баалоо максатында мониторингдер жүргүзүлүп турат. Окуучулардын өзүн-өзү баалоосу жана бири-бирин баалоосун колдонуу ар бир сабакта пайдалануу сунуш кылынат жана практикада колдонулуусуна көзөмөл жүргүзүлөт. Мектепте кайтарым байланыштын төмөнкү формалары каралган: фронталдык сурамжылоо, байкоо, суроо-жооп, тестирлөө, зачет, өзүн-өзү баалоо, практикалык иштер, лабораториялык иштер ж.б. Окуучулардын жазуу иштеринин жыйынтыгы окуу бөлүм башчысы тарабынан көзөмөлдөнүп, аналитикалык маалымат берилет. Мектепте андан кийинки талдоо менен сабактарга өз ара катышуу жүзөгө ашырылат.
Окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоо ЖОБО
4.4. Билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү жөнүндө жобо
Статистикалык маалымат (Билим сапаты)
Окуучулардын мектеп ичинде алган билимдерин чейректик, жылдык баа аркылуу баалайт. Бардык класстардын жетишүүсү, бүтүрүүсү боюнча мугалимдердин педагогикалык, өндүрүштүк, административдик кеңешмелеринде талкуу жүргүзүлөт. Класс жетекчи тарабынан класстык журнал аркылуу класстын жана ар бир окуучунун жетишүүсүн, билим сапатын, жүктөмдөрү ачык көрсөтүлгөн. Жетишпей калган окуучу аныкталса, окуучунун социалдык жактан жашоо шарты, жүрүм-туруму, тартиби каралып, себептерин аныктоо жана балага жардам берүү максатында педагогикалык кеңештин чечими менен профилактикалык кеңеште каралат. Ата-эне, предметтик мугалимдер, администрациянын катышуусу менен профилактикалык кеңеш өтүп, мөөнөт берилет. Жыл ичинде Түп райондук Билим берүү бөлүмүнү тарабынан предметтер боюнча билим кесилиши график менен планга коюлуп, учурунда алынып турат. Окуучулардын мектепти бүтүрүүсү мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясына киргизүүнүн буйругу жана тапшыруунун негизинде көзөмөлдөнөт. Райондук билим берүү бѳлүмү тарабынан түзүлгѳн пландын негизинде ар бир предмет боюнча семинарларга жана тренингдерге мугалимдер жамааты үзгүлтүксүз катышууда. Окуучуларга билим берүүнүн жетишилген натыйжаларын туура жана ачык айкын камсыздоо үчүн чейрек боюнча мониторинг жүргүзүлүп маалымат тактасына илинет. Баалоонун натыйжасын текшерүү жана чечүү үчүн мектепте аппеляция комиссиясы иш алып барат. Аппеляция комиссиясы 2022-жылдын 1-сентябрында №1 пед кенештин чечими менен тѳмѳнкүдѳй курамына түзүлгѳн
Мектеп баалоо критерийлерин белгилеген: -Оозеки жооп — жазуу жүзүндөгү өз алдынча жана контролдук иштер — лабораториялык жана практикалык иштерди баалоо — диктанттарды баалоонун ченемдери — дилбаяндарды баалоо критерийлери. Окуу бөлүмүнүн башчысынын анализи 4.1. Административдик контролдук иштерди жүргүзүү боюнча ЖОБО Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация Толук эмес орто билим жана негизги билим тууралуу күбөлүктү каттоо папкасы
|
Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясын өткөрүү тартиби жобонун жана буйруктардын негизинде жүргүзүлөт. ЖМАны өткөрүү жол жоболору мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар үчүн атайын уюштурулган стендде илинет. Окуу планынын аткарылышы окуучулардын билимин текшерүү үчүн аттестацияны өткөрүү менен аныкталат. Окуучу алган баасына нааразы болгон учурда, администрацияга оозеки же жазуу түрүндө кайрылууга укуктуу. Бүтүрүүчүлөрдүн экзамендик иштеринде, интеллектуалдык марафондорду өткөрүүдө нааразы болгон окуучунун иши сөзсүз талаш-тартыш комиссиясынын курамы менен каралат. Негизи эле ар бир ишти баалоодо мугалим баалоонун нормасы жана эрежелери туурасында окуучуларга алдын ала маалымат берет. Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация ЖРТ ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨ Окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоо ЖОБО
|
Билим берүүнүн процессин лицензияланган талаптарга ылайык келтирүү талаптар. — Санитардык ченемдерди жана эрежелерди, коопсуздук талаптарын сактоо — ден соолукка мониторинг жүргүзүү жана коопсуздукту козѳмѳлдѳ тутуму — мектеп балдарынын ден соолугунун чындоо жана сактоо боюнча программанын болушу — Жаракат алуунун, психоактивдүү заттардын колдоонунун, экстремизимдин жана суицитттин алдын алуу боюнча иш тутуму — сабакта жана сабактан кийинки ден соолукту сактоочу технологияларды колдонуу — кирүүнүн кѳзѳмѳлдѳнү жана күнү-түнү нѳѳмѳттү уюштуруу — мектепте видеокѳзѳмѳлдү колдонуу |
Улуттук тестирлөө борбору тарабынан 9-10-11-класстарына тест жүргүзүлөт. Жыйынтыгы менен окуучуларды тааныштырып, өндүрүштүк кеңешмеде билим сапаты төмөн болгон сабактарды предметтик мугалимдерге тааныштырып, сапатты көтөрүү боюнча иш жүргүзүүсү милдеттендирилет жана көзөмөлгө алынат. Билим сапаты төмөн болгон предметтик мугалимдерге, начар өздөштүргөн окуучулар менен иш алып баруу администрация тарабынан көзөмөлгө алынат. Жалпы республикалык тестирлөөгө жыл сайын бүтүрүүчүлөрдүн 95-98% катышат. Тесттин жыйынтыгы менен баллдар салыштырылып, талданат. 9-класстын бүтүрүүчүлөрү акыркы беш жылда негизги билими жөнүндөгү артыкчылыгы менен күбөлүккө жыл сайын ээ болуп келишүүдө. Окуучулардын билимдерин баалоо үчүн предметтер боюнча билим кесилиши алынат, жазуу иштери чейрек боюнча алынып, салыштырылат. Ал эми предметтер боюнча жана параллель класстардын билим сапаты дагы учурунда бааланып, мониторинг чыгарылат. БИЛИМ САПАТЫ БОЮНЧА 5 ЖЫЛДЫК МААЛЫМАТ ЖРТ ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨ
|
Кызыкдар тараптардын арыздарын каттоо менен алардын мүдөөлөрүн канаттандыруу үчүн мугалимдер жамааты менен биргеликте иш жүргүзүлөт. Мектепте окуучулардын арыздары (даттануулары), каалоо- тилектерди,билдирүүлөрдү салуу үчүн көрүнүктүү жерде “Ишеним почтасы” ачылган. Бир айда бир жолу ачылып, даттануунун мазмуну атайын журналга түшүрүлүп, директор алдындагы кеңешмеде каралып, анализ жүргүзүлөт, акт түзүлөт, жыйынтыгы чыгарылат. Ар бир окуучудан түшкөн каттар анонимдүү түрдө болот.
Мектепте этика комиссиясы түзүлгөн. Этика комиссиясында каралган маселелер протокол менен бекитилет. Мектептин администрациясынын эшиги бардык окуучулар үчүн ачык. Ар бир окуучу кайсы учур болбосун мектептин бардык маселелери боюнча кайрылууга мүмкүнчүлүгү бар. Окуучулар, ата-энелер же башка кызыкдар тараптар тарабынан даттануу же доомат коюлушу мүмкүн болсо, ал мектептин кезексиз педагогикалык кеңешмесинде каралат. Кызыкдар тараптардан түшкөн кайрылуулар мектептин администрациясы тарабынан каралып, жыйынтыктар чыгарылат. Бир да кайрылуу көзөмөлсүз калтырылбайт.
-Окутуу жана тарбиялоо процесстеринде бардык талаптардын аткарылышы; -Кайтарым байланыш механизмдерини туура жүргүзүлүшү; -Артыкчылыгы менен күбөлүккө жана аттестатка окуучулардын ээ болуусу” — Мугалимдердин технологияларды өздөштүрүүсү; — Кайтарым байланыш механизмдеринин туура жүргүзүү менен жетишкендигин, кемчиликтерди табуу менен өз убагында иш алып баруу; |
-Окуучулардын социалдык коргоого муктаж окуучулардын көбү, жашоо шартынын начардыгы; -АНГЛИС тилинде класстарда окуу китептеринин жетишсиздиги; — Интерактивдүү доска,акылдуу панел жана компютердик техниканын жетишсиздиги. |
Кыргыз Республикасынын билим берүү мыйзамына ылайык жана эмгек кодексинин 55 беренесине ылайык педагогикалык билим алгандыгы жѳнүндѳгу диплому бар адистер кызматка кабыл алынат. Мектептин муугалимдер жамааты квалификацияга жана билимге коюлган талаптарга ылайык толук курамда камсыздалган. Мектепте 31 мугалим иштейт, 2 мугалим декреттик ѳргүүдѳ. 71% жогорку билимдүү, 29 % орто атайын билимдүү, эркектер – 26%, аялдар – 74%, ээлеген кызмат ордуна туура келет – 100% Д.Молдогазиев мектебинин мугалимдерин сапаттуу талдоо
Предметтер менен камсыз болушу Мектеп директорунун кабыл алуу жана бошотуу буйруктары
|
Окуу кабинеттердин, жайлардын бөлмөлөрү санитардык-гигиеналык ченемдер менен эрежелерге, өрт коопсуздугунун талаптарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык эмгекти коргоо жана коопсуздук ыкмасынын талаптарына дал келет. Өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча мугалимдерге жана тех. кызматкерлерге жылына эки жолу, ал эми окуучуларга ар бир чейректе бир жолу нускамалар өткөрүлөт. Ар бир кабатта эвакуациялык пландар илинген, залдарда багытты көрсөтүүчү белгилер коюлган. Ɵрт өчүрүүчү баллондор убагы менен толтурулуп турат. Ɵрт коопсуздугунун нускамалары мектеп жамаатына, 1-11-класска чейинки окуучуларга өтүлөт, андан сырткары физика, химия, информатика, технология кабинеттеринде илинет. Класс жетекчилер тарабынан окуу кабинеттерди талапка ылайык кармоо, өз убагында желдетүү ж.б. иштери дайыма жүрүп турат. Педагогикалык жамааттын иши эмгекти коргоо мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Иштөө режими мектептин ички эмгек тартибине,сабактардын жүгүртмөсүнө, жеке жүктөмүнө, мектептин иштөө режимине жараша болот. Ден соолугуна байланыштуу ооруп калса, медициналык кароодон өтүүгө, жылдын аягында эс алууга мүмкүнчүлүгү бар. Өрт коопсуздугу боюнча жүргүзүлгөн иш чаралар папкасы Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу графиги, билимин көтөрүү сертификаттары |
Мектептеги усулдук кызматтын негизги бөлүмдөрү болуп усулдук бирикмелер эсептелет. Предметтерге ылайык 7 усулдук бирикме иштейт. 1.Гуманитардык усулдук бирикмеси 2. Эстетикалык усулдук бирикмеси 3. Башталгыч класстар усулдук бирикмеси 4. Табигый-так илимдер усулдук бирикмеси
Акыркы жылдарда усулдук бирикмелерде төмөндөгү маселелер боюнча иштер жүргүзүлдү: Билим берүү стандарттары менен иштөө; Предметтер боюнча декадаларды өткөрүү; Жыйынтык текшерүү иштеринин формалары жана методдору (тесттер, аңгемелешүүлөр, чыгармачыл отчеттор); Жаңы технологиялар жана аларды практикада колдонуу көйгөйлөрү; Экзаменге даярдыктар; Англис тили жумалыгы; Илим,техника,өндүрүш жумалыгы; Мектеп администрациясы жана усулдук бирикмелерин жетекчилери тарабынан төмөнкү багыттарда иш жүргүзүлөт: Мугалимдердин педагогикалык жана усулдук чеберчилигин өстүрүү үчүн шарттарды түзүү; Билим берүүгө компетенттүү багыт алууну ишке ашыруу; Усулдук бирикмелердин ишин координациялоо; Предметтер боюнча билим берүү стандарттарынын аткарылышын көзөмөлдөө; Мектептин усулдук кызматын жаңы багытта уюштуруу; Билим берүүнун заманбап технологияларын киргизүү; Мугалимдин өз ишине анализ берүүсү; Көп тилдүү билим берүү программасын ишке ашыруу. Ар бир окуу жылынын башталышында райондук Билим берүү борбору мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга бара турган предметтер боюнча маалымат берет. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын предметтик стандарты боюнчамектептин мугалимдеринин кесиптик квалификациясын жогорулатуу үчүн беш жыл сайын жиберилет. Андан сырткары треннингдерге, кыска мөөнөттүү квалификациясын жогорулатуучу курстарга, дистанттык түрдө да жогорулатуучу окууларга киришет. Бирикме жетекчи, бирикме мүчөлөрү жана мектеп администрациясы билим берүүдө жана ишмердүүлүктө, коомдук турмушта жана маданий массалык иш-чараларда, усулдук жана компетенттүү изденүүчүлүктө активдүүлүктү көрсөткөн же ийгиликке жетишкен билим берүү процессинин катышуучуларына мотивациялык колдоо максатында, персоналдын ишин баалоо катары атайын эксперттик кеңеш түзүлгөн боюнча критерийлердин негизинде баалоо упайы коюлат, ар бир квартал сайын КТУда каралып, бааланган. Андан сырткары кесиптик бирлик тарабынан сыйлык, грамоталарга көргөзүлөт, педагогикалык кеңеште жана кесиптик бирликтин чогулушунда каралат. Жаш адистер менен иштөө жолго коюлган. Насаатчы болуп бекитилген мугалимдер, жаш мугалимдерге иш кагаздар боюнча, окуу-тарбиялоо иштериндеги,методикалык ыкма,журналдарды толтуруу ж.б. иштерине биргелишкен иш пландын негизинде иш жүргүзүшөт. Усулдук биримелердин жетекчилерин дайындоо буйругу Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу графиги, билимин көтөрүү сертификаттары |
Корпус №1 — аянты 1052,8м Корпус №2 – аянты 44,65м Корпус №3 – аянты 148,2м Ѳнѳркана, китепкана – 176,4м Ашкана – аянты 66,5м Спорт зал — аянты 360м Окуу классы – 15 класс Админ. кабинет – 2 Мугалим бѳлмѳсү -1 Лаборатория – 2 (химия,физика ) Компьютердик класс – 1 (18 орун) Актылар залы – жок Медициналык пунк – жок Мектеп электрдик-конвектору менен жылыйт. Мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн мектептин кире беришинде пандус орнотулган. Окуучулар колдонгон компьютерлердин саны-10 интерактивдүү(электрондук) доска -1, панель -1, проектор -2. 1 ашкана бар, жалпы аянты-66.5м2:, 30 орундуу. 1-4-класстардын окуучуларына 2 нөөмөттө ысык тамак берилет. Ашкана ысык суу менен камсыз кылынган, керектүү идиш-аяктар, ысык тамактарды даярдоо үчүн электрдик жабдуулар жана тамак ашты сактоочу кампа менен толук камсыз болгон. Ашкана санитардык норманын шарттарына толук жооп берет. Мектептин спорт залы ремонттолуп жатат.
|
Окуу жайдын бөлмөлөрү санитардык -гигиеналык ченемдер менен эрежелерге, өрт коопсуздугунун талаптарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык эмгекти коргоо жана коопсуздук ыкмасынын талаптарына дал келет. Өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча мугалимдерге жана тех.кызматкерлерге жылына эки жолу, ал эми окуучуларга ар бир чейректе бир жолу нускамалар өткөрүлөт. Санитардык- эпидемиологиялык эрежелерди аткаруу үчүн ар бир окуу кабинеттеринде санитардык бурч уюштурулган. Ашканада окуучулар колдорун жууп туруу үчүн раковиналар(3) бар. Күнүнө эки жолу тазалоочулар тарабынан нымдуу тазалоо иштери жүргүзүлүп турат, мектепте жылына бир жолу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Мектепте жана спорт аянтчасында видео көзөмөлдөр (5) орнотулган. Жыл сайын өрт өчүрүүчү каражаттарды жаңыртуу иштери жүрүүдө. Мектепте медициналык тейлөө кабинети бар. Кабинет биринчи медициналык жардам берүүчү каражаттар менен камсыздалган. Окуучуларга өз учурунда керектүү медициналык тейлөө жүргүзүлөт. Эмгекти коргоо боюнча ЖОБО (1)
|
Мектептин материалдык-техникалык базасын анализдөө максатында инвентаризация жүргүзүлүп турат. Ар бир класс кабинет жана инвентарлардын сакталышы кабинет башчыларына жана класс жетекчилерге милдеттендирилген.
Компьютердик-технологиялык жабдуулар мектепте жаңыланууда.Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан компьютердик класс ачылганы жатат.
-Жылдан жылга материалдык-техникалык базанын акырындан болсо да жакшырышы; -Интернет менен камсыз болушу; — Мектептин спорт залынын ремонту; -Китепканага интернет жана компьютер, принтери менен камсыздалышы; — Кошумча ресурстарды тартуу менен материалдык- техникалык базанын жаңыланышына аракеттерди көрүү; |
—Материалдык -техникалык базанын жакшыртуусуна демөөрчүлөрдүн аз болушу; -Жылдан жылга мебелдердин иштен чыгуусу; -Усулдук иштерди алып баруудагы системалуулуктун жоктугу, көзөмөлдүн алсыздыгы: -Лабораториялык иштерди жасоого каражаттардын жоктугу. |
Корутунду: Д.Молдогазиев атындагы №8 Шаты жалпы орто билим берүү мектеби окуу-тарбия процессин жүргүзүүдө билим сапатын жакшыртуу жана камсыздоо, кадр саясатынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, финансылык ресурстарды колдонуу саясатын жүргүзүүдөгү иштердин багыттарынын ачык-айкындуулугун өзүн-өзү баалоо боюнча отчетунда карап чыгып, комиссия төмөнкү жыйынтыкка келди.
Жүргүзүлгөн өзүн-өзү баалоонун негизинде комиссия ыйгарым укуктуу органдарга программалык аккредитациядан өтүү үчүн документтерди жиберүүнү сунуштайт.
Комиссиянын тѳрайымы:
Мүчѳлѳрү:
2. Окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары: __________ Ураимов Р.Ш.
3.Мектептин соцпедагогу: __________Абдыкалыкова Г.А.
4 Мектептин профсоюзтөрагасы: ___________Аманкулов К.М.
5. Башталгыч класстын мугалими:___________Жакыпова А.К.
—Материалдык -техникалык базанын жакшыртуусуна демөөрчүлөрдүн аз болушу; -Жылдан жылга мебелдердин иштен чыгуусу; -Усулдук иштерди алып баруудагы системалуулуктун жоктугу, көзөмөлдүн алсыздыгы: -Лабораториялык иштерди жасоого каражаттардын жоктугу. |
Д.Молдогазиев атындагы № 8 Шаты жалпы орто билим берүү мектеби жөнүндө маалымат
1.1 Мектептин аталышы Д.Молдогазиев атындагы № 8 Шаты жалпы орто билим берүү мектеби
1.2 Дареги Ысык-Көл облусу, Түп району, Шаты айылы Нургазиева №4
1.3 Мектептин жетекчисинин аты-жөнү, байланыш телефону
Директор Бектенова Назира Абдыкеримовна +996702886028
1.4 Мектептин, ата-энелер комитетинин
камкордук кеңешинин төрагаларынын аты-жөнү, байланыш телефондору
ата-энелер комитетинин төрагасы Сейитказиев Кубан Кадыракунович +996969362, Камкоручар кеңешинин төрагасы Молдогазиев Тилек Доолотбакович +996703290884
1.5 Менчиктин формасы: __________________муниципалдык_________________
(жеке, мамлекеттик муниципалдык ж.б.)
1.6 Билим берүү уюмунун статусу: ______жалпы орто билим берүү мектеби_____________
(толук эмес орто мектеп, орто мектеп, лицей, гимназия ж.б.)
1.7. ИНН 40311200310107
Мектептин миссиясы:
Мектеп жалпы орто билим берүүчү мекеме болуу менен бирге, башталгыч, нрегизги жана жалпы билим берүүгө багытталат. Ата-энелер коомчулук менен тыгыз байланышта иштөө менен азыркы коомдо натыйжалуу иштөөгө жөндөмдүү, жашоодо өз ордун таба билген, ар тараптан өнүккөн инсанды тарбиялоо.
Д.Молдогазиев атындагы №8 Шаты жалпы орто билим берүү мектебинин ченемдик-укуктук камсыздоосунун негизи болуп төмөнкү документтер эсептелет:
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндөгү мыйзамы, Балдардын укугу жөнүндөгү Конвенция, Президенттин жана Кыргыз Өкмөтүнүн указдары, республикалык, муниципалдык деңгээлдеги ченемдик актылар, Д.Молдогазиев атындагы №8 Шаты жалпы билим берүү орто мектебинин Уставы, мектептин өнүгүү концепциясы, башкаруучулук ишмердүүлүгүнүн концепциясы, билим берүү программасы, кесиптик билим берүү мекемелери менен кызматтык келишимдер, буйруктар жана төмөндөгү локалдык нормативдик актылар багыты менен иш алып барат.
Локалдык актылардын мазмуну
Д.Молдогазиев мектебинин уставы
Локалдык актылар
4.1. Административдик контролдук иштерди жүргүзүү боюнча ЖОБО
Окуу тарбия иши боюнча дир орун басарынын кызматтык нускамасы
Мектеп уюштуруучусунун кызматтык нускамасы
Социалдык мугалимдин кызматтык нускамасы!
ЧАРБАЛЫК ИШТЕР БОЮНЧА ДИРЕКТОРДУН ОРУН БАСАРЫ
Мектеп директорунун милдеттери
Дептер текшерүү жөнүндө жалпы ЖОБО
Коррупцияга каршы аракеттер жөнүндө
билим тууралуу документтерди толтуруу жөнүндө жобо!
Мектептеги жалпы иштин максаты – заманбап коомдо ийгиликтүү, атаандаштыкка жөндөмдүү инсанды тарбиялоо үчүн шарттарды түзүү. Жалпы орто билим берүү мекемесинин миссиясы:
Мекенчил, дүйнөгө болгон көз карашы кеңири, сынчыл ой жүгүртө алган, физикалык жактан өнүккөн, коммуникативдик маданиятка, келечектин көндүмдөрүнө ээ, көп тил билген, негизги мектепти бүтүп, билим алуунун жогорку деңгээлине жетүүгө даяр, кесип тандоого жөндөмдүү, коомдун өнүгүүсүнө таасир бере алган, өзүн таанып билген жаранды даярдоого бардык шарттарды түзүү жана ишке ашыруу.
Борбору жарандык-патриоттук тарбия берүү системасы болуп саналган, коомго мекенчил жаранды тарбиялай алган, Ата-Мекенин чындап сүйгөн, боорукер идеялдарды өзүнө синирген жана бузукулук идеяларды четке кагып, аларга туруштук бере алган маданий чыгармачыл билим берүү системасын түзүү.
2022-жылдан 2027-жылга чейин мектептин өнүгүү программасы иштелип жатат. Өнүгүү программасынын негизинде ар бир окуу жылына жылдык пландар иштелип чыгат. Мектептин билим берүү жана тарбия берүү системасын өнүктүрүү, башкаруу системасын жандандыруу, маалымат жактан камсыздоо, комфорттуу мектеп, педагогдун ыкмалык маданияты, педагогикалык заманбап технологиялар, кесды колдонуу, кесипке даярдоо, окуучунун ден-соолугу, окуучулардын изилдөөчүлүк маданиятын өз ичине камтыйт.
Күтүлүүчү натыйжалар:
1.Билим берүүдөгү чыгармачылыктын эффективдүүлүгүнүн жогорулашы;
2.Мектепти башкарууда билим берүү процессине катышкандардын көбөйүүсү;
3. Педагогикалык кадрлардын профессионалдуу компетенттүүлүгүнүн жогорулашы;
4.Педагогдордун социалдык жактан камсыз болушунун жогорулашы;
5.Мектепте социалдык-психологиялык климаттын жакшырышы;
6.Ата-эне жана мектеп ортосундагы карым-катнаштын өзгөрүшү. Ата-энелер жана окуучулардын талабына мектептин жооп берүүсү;
7.Мектепке коюлган критерийлердин ата-энелер тарабынан өзгөрүүсү, гумандуулук жана демократиялык принциптерге баш ийүүсү;
8. Мектептин кадыр-баркынын өсүшү жана коомчулук тарабынан колдоого алынуусу; 9.Мугалимдердин жалпы маданияттык жана кесиптик компетенттүүлүгүнүн өсүшү; 10.Педагогикалык ишмердүүлүк процессинде кесиптик чеберчиликтин жогорулашы,заманбап технологияларды колдонушу;
11.Билим берүү сапатынын жогорулашы;
12. Мектеп педагогдорунун социалдык-кесиптик статусунун өсүшү;
13. Жогорку класстардын (10-11-класстар) кесиптик окутууга өтүшү;
14.Окуучулардын таанып-билүүчүлүгүнүн өсүшү;
15.Окуу процессинин жанданышы;
16.Окуучулардын ооруларынын өсүшүн төмөндөшү;
17.Инсандык жана спорттук жетишкендиктердин өсүшү;
18.Тилдик жана маданий көп түрдүүлүктүн калыптанышы;
19.Изилдөө иштери боюнча райондук жана шаардык кароо-сынактарда жеңүүчүлөрдүн көбөйүшү;
20.Окуучулардын инсандык жетишкендиктеринин өсүшү;
Өнүктүрүүнүн стратегиялык планы
Окутуунун жана тарбиялоону жакшыртуу планы
Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу үчүн мектеп тынымсыз иш алып барат. Директордун буйругу менен билим сапатын камсыз кылуу максатында администрация мүчөлөрүнө функционалдык милдеттер бөлүштүрүлгөн. Мектепте билим сапатын камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Билим сапатын көтөрүүгө карата усулдук бирикмелерде, усулдук кеңеште, педагогикалык кеңешмелерде предметтердин берилиши, абалы, окутуунун методикалык ыкмалары, предметтер боюнча билим сапатынын мониторинги каралып, жетишкендиктери, кемчиликтери талкууланып, баалоо, толуктоолор жана сунуштоолор берилет. Сабактардын сапаттуу өтүлүшү системалуу түрдө көзөмөлдөнүлөт. Билим берүү сапатын камсыз кылуу системасын ишке ашырууда локалдык документтер менен иштер жүргүзүлөт.
Окуучулардын билим сапаты чейрек сайын аныкталат, талданып, аны жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүп, отчет берилет.
Мектеп мугалимдеринин өткөргөн окуу жыл ичинде сабактын максатына жетүү иш аракеттери, сабактары, башка түрдөгү иш- чараларына катышып, алардын формасы жана мазмуну анализделинет.
Окуучулардын окуу жүктөмүнө, санитардык гигиеналык талаптардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүлөт. Окуучуларды мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияга даярдоо, уюштуруу иштери жүргүзүлүп, окуу жылынын аягында бүтүрүүчүлөргө окууну аяктагандыгы тууралуу документ берилет. Насаатчы катары бөлүнгөн мугалимдер бирдиктүү иш планынын негизинде жаш адистерге усулдук жардам көрсөтүшөт. Усулдук кеңештин иш мерчеминин негизинде төмөнкүдөй иштер аткарылат:
-насаатчы мугалимдердин сабактарына жаш мугалимдердин катышуусун уюштуруу;
-жетишпеген, аттестацияланбаган окуучулар менен иш алып баруу;
-артыкчылыгы менен аттестат, артыкчылык күбөлүк менен аяктоочу окуучулар менен иш-чараларды уюштуруу; -предметтик декадаларды өткөрүү;
Мектепте 4 усулдук бирикме иштейт.
-Усулдук бирикме жетекчилери өздөрүнүн иш мерчеминин негизинде билим сапатын көтөрүүгө басып жасашып, окуу бөлүмүнүн башчысы менен биргеликте иш алып барышат. Мугалимдердин өз ара сабактарга катышып, өз ара сабакка анализ беришип, өз пикирин сунушташат.
Билим сапатын камсыздоо саясатын жүргүзүүдө жооптуу адамдар буйруктун негизинде бекитилген, өздөрүнүн кызматтык милдеттерин так билет, ар бир мугалимге предметтери, класстары боюнча салыштырмалуу мониторинг жүргүзүлөт.
Жаш мугалимдер менен иштөө пландары
Мектептеги мугалимдердин жүрүм-турум адеби, мугалим менен окуучунун ортосундагы жагымдуу маанайдын түзүлүшү, ар бир адамдын жаш өзгөчөлүгүн эске алуусу, этикалык ченемдерди сактоосу, окуучу менен мугалимдин, мугалим менен мугалимдин пикир келишпестик жагдайларынын биргелешип чечүүчү жолдору жана башка педагогдордун милдеттеринин сакталышы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 15.09.2021-жылдын №55 буйругу менен бекитилген. Мектеп ичинде атайын этика комиссиясы түзүлгөн. Мугалимдер арасындагы пикир келишпестиктер жаралып калса, тараптардын оюн угуу менен калыстык чечим туура чечилет. Мектеп ичинде этика комиссиясы түзүлгөн.Мугалимдер арасындагы пикир келишпестиктер жаралып калса,тараптардын оюн угуу менен калыстык чечим туура чечилет. Мектеп ичинде этика комиссиясы түзүлгөн. Мугалимдер арасындагы пикир келишпестиктер жаралып калса,тараптардын оюн угуу менен калыстык чечим туура чечилет. Булкомиссия этикалык ченемдер бузулган учурда жана жекекайрылуулардын негизинде иш жүргүзөт. Андан сырткары мектепте түзүлгөн өзүн-өзү башкаруу уюму,мектеп парламенти иш жүргүзөт. Өзүн-өзү башкаруу уюму, мектеп парламенти, анын мүчөлөрү түзүлгөн жылдык иш мерчемдин негизинде окуучулар менен иш алып барат.Окуучулардын формасы, окуу куралдардын сакталышы, өздүк тазалыгы,кабинеттин тазалыгы,кечигип келүүсүнүн жыйынтыгы жума сайын өткөрүлгөн мектеп линейкасында жыйынтыгы чыгарылат, жогору көрсөткүчтү көрсөткөн класстарга шыктандыруу максатында орундар ыйгарылат. “Ишеним почтасына” ар кандай мазмундагы даттанууларды сала алышат. 1.7. дежур мугалим кызматтык нускама! |
Балдардын коопсуздугу үчүн мектепти курчаган тосмолор жаңыртылып, айлана толугу менен курчалган.
Окуучулардын танапис учурундагы тартибин, жүрүм-турумун, алардын коопсуздугун класс жетекчилер жана мектептеги кызматкерлерден түзүлгөн нөөмөтчү мугалим, администратор, жоопкерчиликке алат.
Ошондой эле мектепте балдар инспекциясынын инспектору (БИИ-ИДН) окуучулар менен тыгыз иш алып барат. Балдардын тартибине,жүрүм-турумуна, коопсуздугуна тарбия иштери боюнча директордун орун басары менен биргеликте көзөмөлдөө жүргүзөт. Бейбаштык кылган окуучулар менен социалдык, психологиялык кызмат менен биргеликте сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Үзгүлтүксүз сабакты көп калтырган окуучулар, тарбиялоого оор болгон окуучулардын маселеси укук бузуучулукту алдын алуу кеңешмесинде каралып, жыйынтык чыгарылат. БИИ тарбия иштери боюнча директордун орун басары менен биргелешкен иш мерчемдин негизинде иш алып барат.
Мектепте жаш өспүрүмдөр балдар инспекциясынын инспектору (ИДН) иш алып барат. Балдардын тартибине, жүрүм-турумуна тарбия иштери боюнча директордун орун басары менен биргеликте иштешет. Бейбаштык кылган окуучуларды мектеп ичиндеги каттоого алып, мөөнөт берип, тарбиялоо багытындагы иштерди жүргүзөт.
Билим берүүдө коопсуздук камсыздоо үчүн техникалык коопсуздук эрежелери, өрт коопсуздугу, өзгөчө кырдаал учурундагы айтылат.
Медицина кызматкерлери окуучулардын ден-соолугуна кам көрүп, жашына жараша эмдөөлөрдү жүргүзүп, окуучуларга өз учурунда керектүү медициналык тейлөө жүргүзүшөт.
Мындан сырткары райондук №5 үй- бүлөлүк медицина борборунан жылына бир жолу ар кандай багыттагы медициналык адистер келип, окуучуларды текшерип, кеп кеңештерин айтып, ооруга жараша айрымдарын дарыланууга жиберишет.
Окуучулар арасында, чейрек сайын класс жетекчилер сергек жашоо боюнча класстык сааттар өтүлүп турат.
Рециркулятор(абаны тазалоочу каражат) райондук Билим берүү борбору тарабынан берилген.
Жаңы окуу жылына карата сырткы баалоолор райондук жана шаардык түзүмдөрдүн, билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрүнөн комиссия түзүлүп (ӨКМ, санэпидемстанция, экотехинспексия ж.б) жүргүзүлөт. Окуучулардын коопсуздугун алдын алуу максатында мектепте өрткө каршы иш чаралар уюштурулат, түшүндурүү иштери жүргүзүлүп, класстык сааттар өтүлөт. Ар кандай табигый кырсыктарда коргонуу боюнча иш чаралар өткөрүлүп турат.
Өрт коопсуздугу боюнча жүргүзүлгөн иш чаралар папкасы
Мектептин жалпы ишмердүүлүгү боюнча маалымат жылдын аягында жазылат. Жыл ичинде аткарылган иштер боюнча анализ-отчет, окуу-тарбия иштеринин көйгөйлүү талдоосу берилет.
Окуучулардын контингенти, сабактарга катышуусу,тартиби жана жетишүүсү, окуудагы,спорттогу жетишкендиктери,ар бир иштин жыйынтыгы жөнүндө чейрек сайын жана окуужылынын жыйынтыгы менен ата-энелер чогулушунда маалымат берилет.
Жылдык мерчемдин негизинде аткарылган иштер боюнча маалымат-отчёттор берилип, аткарылбай калган иштер эске алынып,кийинки окуу жылынын мерчемине киргизилет.
Ата-энеле үчүн маалыматтар бурчу уюштурулган,ата-энелердин укуктары,милдеттери жана керектүү маалыматтар илинген. Ата-энелер менен иштөөнү жөнгө салуу керек.
Класс жетекчи тарабынан класстык журнал аркылуу класстын жана ар бир окуучунун жетишүүсү, билим сапаты, жүктөмдөрү көрсөтүлөт. Сабактан жетишпей жаткан окуучу белгиленип, предметтик мугалимдердин ою, социалдык жактан жашоо шарты, жүрүм-туруму, тартиби каралып, себептерин аныктоо жана балага жардам берүү максатында педагогикалык кеңештин чечими менен укук бузуучулукту алдын алуу кеңешмесине жөнөтүлөт.
Ата-энелер чогулушунун протоколдору
Мектепте 1 информатика окуу кабинети бар. Кабинетте
бардыгы 10 компьютер 1интерактивдүү доска проектору менен, 1 интерактивдүү панель, 1 телевизор орнотулган.
Андан сырткары мектеп администрациясы жана мугалимдер жалпы 3 компьютер, 3 принтер менен жабдылган. Китепканада компьютер, принтери менен коюлган.
Мектепте веб-сайт ачылган, иштер жүргүзүлүүдө.
Мектеп билим берүү башкаруунун маалыматтык системасы(ИСУО) менен дайыма иш жүргүзөт. Атайын буйрук менен дайындалган жооптуу адам иш алып барат. Бүгүнкү күндө мектепте болуп жаткан маалыматтар көргөзүлүп турат. ИСУО emis.edu.gov.kg
Андан сырткары электрондук дареги иштейт.
Электрондук дарек аркылуу жогору жактан келген иш кагаздарды,буйруктарды, маалыматтарды алууга жана жиберүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Мектептин www. сайты жаңы ачылды.
-Мектепте окуу-тарбия процесси мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын, мектеп Уставы жана ченемдик-укуктук актылардын негизинде жүргүзүлөт. Мектептин Уставы менен кызыкдар тараптардын тааныш болушу; -Окуу-тарбия процессин уюштурууга бардык шарттардын жакшырышы; -Мектеп ичиндеги бардык иштердин жыйынтыгы чыгарылып, талдоосу, баа берилиши; -Бардык ченемдик локалдык актылардын негизинде иш жүргүзүлүшү; -Билим берүү маалыматтык системасы (ИСУО) менен иш алып баруусу; -Түзүлгөн мерчемдердин негизинде иштин аткарылуусу; -Мугалимдердин билимдерин өркүндөтүп, курстарга катышуусу;
|
-Социалдык жактан коргоого муктаж болгон окуучулардын жылдан-жылга көбөйүшү; -Физика, химия предметтери боюнча лабораториялык иштерди жүргүзүү үчүн куралдардын жоктугу; -Сырткы жана ички мигрант үй-бүлөлөрдүн көбөйүшү; |
Педагогикалык кадрларды жумушка кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Мугалимдерди жумушкакабыл алууда, эң оболу жогорку, орто кесиптик билимин тастыктаган диплому, квалификациясы талап кылынат жана иш тажрыйбасы эске алынат. Эмгек келишими түзүү менен, мугалимдин аткаруучулук милдеттери,мектептин ички эрежелеритааныштырылат.Билимин тастыктаган дипломдон сырткары мугалимдин өздүк картасы,эмгек китепчеси,иш тажырыйбасы жөнүндө маалымдамасы,медициналык жактан иштөөгө уруксат берилген тастыктамасы,соттолбогондугу тууралуу маалымкаты каралат.Эгер жаш адис кабыл алынса, насаатчы бекитилет. Ага алдыңкы тажрыйбалуу мугалимдер, усулдук бирикменин мүчөлөрү катышышып, жаш мугалимдерге көмөктөшүп жардам берип, иш тажрыйбасында мыкты жетишкендиктерге жетиштирүү максатында сунуш, пикирлерин айтышат. Педагогдор мектеп директору менен түзгөн мыйзамдуу келишимдин негизинде кабыл алынып,буйрук китебине катталып,кабыл алынгандыгы боюнча буйрук чыгарылат.Андан соң кабыл алынган орундарында жоопкерчиликтүү иш алып барышат. Мектептен бошотулгандыгы мугалимдин же кенже-тейлөөчү персоналдын өзүнүн арызынын негизинде ишке ашып,буйрук чыгарылып,эмгек китепчеси колуна берилет. Учурда мектептин педагогикалык кадры100%камсыз. Педагогикалык кызматкерлерди тарификациядан өткөрүү буйругу |
Мектептин педагогикалык жамааты ынтымактуу жана иш билги курамдан турат. Бардык мугалимдердин билим берүүгө уруксаат берилген тастыктоочу диплому, билими жана окуучулар менен иштөөгө профессионалдык тажрыйбасы бар. Жалпы мектепте 29 мугалим эмгектенет. Администрация мүчөлөрүнүн саны -4. Мектепте социалдык педагог, уюштуруучу жана китепканачы өз иштерин алып барат. Бардык предметтерден мугалим жетиштүү. Жогорку билимдүүсү – 22, атайын орто билимдүүсү -7.«Билим берүүнүн мыктысы» — 6 мугалим, 11 мугалим –Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасынын ээси, 10 мугалим –Түп райондук адмнистрациясынын башчысы-акимдин ЫРААЗЫЧЫЛК КАТЫ менен сыйланган, 15 мугалим-Түп райондук Билим берүү бөлүмаүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.Эркек мугалимдердин саны -6, аял мугалимдердин саны -23.Жаш адистердин саны -2, пенсия жашындагылары -6, Бардык мугалимдер педагогдук билимге ээ, өз предметин билишет, технологияны өздөштүрө алышат. Жаңы келген жаш адистерге насаатчы бекитилет. Педагогикалык жамааттын билимин узгүлтүксүз жогорулатууну уюштуруу жөнүндө жобо! |
Жыл сайын мектеп жаңы окуу жылына карата алгылыктуу бир катар иштерди жасайт. Жасала туруучу жерлер мерчемге киргизилип, оңдоп- түзөө иштери жүрөт. Окуу жылдын аягында ар бир окуу кабинети, спорт зал, акты залы, китепкана, коридорлор ж.б.ремонттон өтөт. Жаңы окуу жылына карата кабыл алуу үчүн комиссия карап чыгат. Аткарыла турган жана аткарылган иштердин жыйынтыгы ата-энелер жыйналышында, педагогикалык кеңештерде маалымдалат.Мектептин жер бөлүгү жана техникалык паспорту бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана санитардык-эпидемиологиялык станциянын уруксат актысы берилген.Ар бир корпустарда эвакуациялык пландар илинген, залдарда багытты көрсөтүүчү белгилер коюлган.Ɵрт өчүрүүчү баллондор убагы менен толтурулуп турат.Ɵрт коопсуздугунун нускамалары мектеп жамаатына тааныштырылат. Ал эми физика, химия, информатика, технология кабинеттерде 1-11-класска чейинки окуучуларга техникалык коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп турат.
Мектептин соцпедагогу өз кызматын мыкты аткарат. Соцпедагог сабактарга катышуу менен окуучулардын психологиялык жагдайын изилдеп, көйгөйлүү балдарды өзүнүн карамагына алып, иш алып барат.
1.7.Социалдык мугалимдин кызматтык нускамасы
Мектептеги иштелип жаткан иштерди, анын ичинде мугалимдердин ишмердүүлүгү, администрациянын, кенже тейлөөчү кызматкерлердин иштерин баалоо боюнча мектепте атайын эксперттик комиссия иш алып барып, квартал сайын ар бир персоналдын иши бааланган. Бирикме жетекчилери тарабынан өздөрүнүн бирикмесиндеги мүчөлөрүнүн ишин карап чыгып, берилген критерийлердин негизинде баллдык система түрүндө баалашкан. Кызматкерлердин ишин баалоо, грамота менен сыйлоо, Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасына, “Билим берүүнүн мыктысы” наамдарына мектеп ичиндеги өткөрүлгөн иш чараларга, райондук, шаардык деңгээлдеги мугалимдердин ар кандай түрдө өткөрүлгөн сынактарга катышуусу, окуучулардын жетишкендиктери, сынактарга катышуусу жана башкалары мектеп тарабынан бааланып, кесиптик бирликтин чогулушунда каралып, педагогикалык кеңеште сунушталып, чечим чыгарылат. Ар бир мугалим өзүнүн кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү, өз билимин өстүрүү үстүндө иштейт. Мугалимдер белгиленген графиктин негизинде КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунан предметтер боюнча курстардан өтүшөт. Мектеп ичинде бирикмедеги мугалимдердин тажрыйба алмашуусу, топтомдорду иштеп чыгуусу, жолдоштук сабактарга катышуусу, предметтик декадалардын өтүлүшү, шаардык семинарларга катышуусу,онлайн курстарга катышуусу мугалимдердин ишмердүүлүгүнүн бир бөлүгү болуп эсептелет. |
КР “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамынын беренелерине ылайык иш алып баруусу;
-Мектеп жамаатынын ынтымагы жана иш билги адистердин болуусу;
-Педагогикалык кадрлардын үзгүлтүксүз өз билимин өркүндөтүү үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарына баруусу;
-Педагогикалык кадрлардын толук болушу, предметтер боюнча жетиштүүлүгү;
-Семинарларга катышуу жана изденүүсү аркылуу азыркы талапка жооп бергидей ыкмаларды үйрөнүүсү;
— Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү түзүүдө кызыкдар тараптардын канааттануусу, бардык шарттардын түзүлүүсү жана жакшырышы;
-Бардык талаптарга ылайык мектептин тазалыгынын сакталышы, санитардык- гигиеналык нормалардын аткарылышы;
-БИИ(ИДН) кызматкерлери менен тыгыз иш алып баруусу;
— Маалыматтардын үзгүлтүксүз болушу, коопсуз маалыматтардын жеткиликтүүлүгү;
-Соц. педагогдун, психологдун ата- энелер, балдар менен тыгыз иш алып баруусу;
-Кенже кызматкерлердин өз милдеттеринин так аткаруусу.
-Техникалык базаны чыңдоого каражаттын жетишсиздиги; -Кенже тех.кызматкерлерди айлык акы аз болгондугуна байланыштуу, мектепке кармап калуунун татаалдыгы. |
Д.Молдогазиев атындагы №8 Шаты жалпы орто билим берүү мектеби жылпысынан 300 окуучуга ылайыкталган. Учурда мектепте 335 окуучу билим алууда. Мектеп 1 кабаттан турат. Окуу кабинеттери: Мектепте 15 окуу кабинети бар. Окуу имараттар жана бөлмөлөр канаатандыраарлык абалда. Кыргыз тили – 1 окуу кабинети, Чет тили — 1 кабинет, Орус тили — 1 кабинет, Тарых — 1 кабинет, Математика — 1 кабинет, Физика — 1 кабинет, Химия — 1 кабинет, Информатика (компьютердик класс) -1 кабинет, Башталгыч класстарда — 8 кабинет, Көркөм өнөр кабинети -1. Музыка кабинети — жок Администрациялык жайлар (кабинеттер) — 3 кабинет, Китепкана, окуу залы — 1 кабинет, Лаборатория –1 кабинет, Спорт зал — 1, Ашкана — 1, Мектеп электрдик-конвектору менен жылыйт. Мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн мектептин кире беришинде пандус орнотулган. Окуучулар колдонгон компьютерлердин саны-10, интернетке кошулганы 3 даана, ылдамдыгы 10Мбит/с, интерактивдик(электрондук) доска -1, панель — 1, проектор –2. 1 ашкана бар, жалпы аянты-66м2, 30 орундуу. 1-4-класстардын окуучуларына 2 нөөмөттө ысык тамак берилет. Ашкана ысык суу менен камсыз кылынган, керектүү идиш-аяктар, ысык тамактарды даярдоо үчүн электрдик жабдуулар жана тамак ашты сактоочу кампа менен толук камсыз болгон.Ашкана санитардык норманын шарттарына толук жооп берет. Сырта даараткана санитардык талаптарга жооп берет Мектеп имаратынын жалпы абалы канааттандыраарлык. Мектепте өрт коопсуздугуна байланыштуу жабдуулар илинген,ар бир залда,кабинеттерде бурч уюшулган.Мектептин кире беришинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн пандус орнотулган. Учурда мектеп окуу процессин уюштуруу үчүн талапка жооп берет.Материалдык базаны чыңдоо үчүн бир катар иштер жазалды, дагы аракет кылуудабыз. |
Мектептин бөлмөлөрү санитардык-гигиеналык ченемдер менен эрежелерге, өрт коопсуздугунун талаптарына, ошондой эле КР эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык эмгекти коргоо жана коопсуздук ыкмасынын талаптарына дал келет.Өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча мугалимдерге жана тех. кызматкерлерге жылына эки жолу, ал эми окуучуларга ар бир чейректе бир жолу нускамалар өткөрүлөт. Мектеп администрациясы менен профсоюз уюмунун ортосунда өндүрүштүк иште эмгекти коргоо, шартты жакшыртуу, ооруну азайтууга арналган иш чаралар өткөрүлөт. Өрт өчүрүүчү каражаттар менен мектеп камсыздалган.Жылына бир жолу өрт коопсуздугу боюнча кызматкерлер өрт өчүрүүчү каражатты колдонууну үйрөтөт.Ал эми негизги каражаттар жетиштүү. Ар кандай табигый кырсыктардан коргонуу ж.б.у.с. иштерге атайын узун коңгуроо берилет.Андай учурда кыска убакыттын ичинде бардыгы мектептин ичин таштап сыртка чыгып кетүү көнүгүүлөрү жүргүзүлүп турат. Атайын эвакуация планы, залдарда багыттары коюлган. Кызматкерлерге,окуучуларга түшүндүрүү иштери жүрүп,кол койдурулат. КР өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан текшерүү жүрүп,бузууларды четтетүү боюнча акт түзүлөт. Мектептин бөлмөлөрү санитардык –гигиеналык ченемдер менен эрежелерди так аткарат.Бөлмөлөрдү, залдарды нымдуу өз учурунда тазалап,кабинеттерди желдетилип турат. Балдардын коопсуздугу үчүн 17 видео камералары орнотулган. Окуучулар арасында,чейрек сайын класс жетекчилерөрт коопсуздугу, сергек жашоо боюнча класстык сааттар өтүлүп турат. Мектепте окуу кабинеттери, залдары жарык жана жылуу. Ашканада дагы жылуу суу бар. Мектептин санитардык-гигиеналык эрежелеринин сакталышы талапка жооп берет. Өрт коопсуздугун сактоо чаралары жөнүндө инструкция Техникалык коопсуздук эрежелери Ата-энелер чогулушунун протоколдору 1.6. мектеп кызматкерлеринин эмгекти коргоо боюнча нускамалар! |
Мектептин материалдык-техникалык базасын анализдөө максатында инвентаризация жүргүзүлүп турат. Ар бир окуу кабинет жана инвентарлардын сакталышы кабинет башчыларына жана класс жетекчилерге милдеттендирилген. Иштен чыккан, жарабай калган эмеректер боюнча акт түзүлүп, райондук билим берүүборборуна жиберилет. Жасала туруучу жерлер планга киргизилип,оңдоп түзөө иштери жүрөт. Окуу жылдын аягында ар бир окуу кабинети, спорт зал, китепкана, коридорлор ж.б.ремонттон өттү. Компьютердик-технологиялык жабдуулар мектепте жаңыланууда. |
— Коопсуздук боюнча бардык талаптардын сакталышы;
— Материалдык-техникалык базанын маалыматынын ачык-айкындыгы;
-Мектеп администрациянын материалдык-техникалык базаны чыңдоодогу аракеттер
— Класстардын жабдылышы;
— Мектептин эмерегин жакшы сактоо;
-Китепкана фондусун жыл сайын толуктоо;
-Материалдык-техникалык базаны туруктуу жаңыртуу (ашкана, ысык суу казандары, сырткы даараткана);
-Спорт шаймандарын сатып алууга демөөрчүлүк жардам
-Окуу кабинеттерге интерактивдүү доскалардын, проекторлордун жетишсиздиги; -Усулдук материалдарынын жетишсиздиги -Компьютерлердин аздыгы -Айрым окуу мебелдеринин жетишсиздиги. -Акт залынын жоктугу; -Ички даараткананын жоктугу; |
Мектептин кийинки окуу жылдарына карата түзүлгөн планында: -окуу кабинеттерди заманбап жабдуу боюнчадемөөрчүлөрдү тартуу; -китепкананы жаңы окуу жана адабий китептер менен камсыздоо; -класс кабинеттерди жаңы эмеректер менен жабдуу; -лабораторияны предметтердин муктаждыгына жараша куралдар менен жабдуу; -окуучуларды жетиштүү санда компьютерлерменен камсыз кыл. |
Окуу жайдын имараты канааттандыраарлык абалда.Материалдык ресурстар толук жетиштүү эмес,бирок акырындап толукталып жатат.Акыркы жылдырда жылыштар бар. Предметтик стандарттын талаптарына ылайык жабдылган окуу кабинеттери бар. 50%дан жогору кабинеттердин абалы талаптагыдай. Мектепте окуу кабинеттеринен сырткары, спорт залы, ашкана, лабораториялык кабинеттери бар. Материалдык-техникалык базаны жана маалыматты чыңдоо пландын негизинде иш алып барылат. Ошондой эле мектептин тазалыгы санитардык-гигиеналык ченемдердин эрежелерин толук сактоо менен аткарылат. Мектепте кошумча окутуу уюштурулган эмес, камкорчулар кеңеши жок. Информатика кабинетине спонсорлук жардам Айыл өкмөттүн каржылоосу менен 10 жылдык жана 20 жылдык мектептин бүтүрүүчүлөрүнөн MERCY CORPS колдоосу менен ашкана жаныланды Мектептин дарбазасы колдоочулардын жардамы менен
|
Мониторинг-бул маалыматты топтоо, баалоо маалыматты анализдѳѳ процесстеринин негизи болуп саналат: ар бир окуу жылынын жыйынтыгы боюнча окуу тарбия иштеринин анализи бекитилген талаптар боюнча жүргүзүлѳт. Бутүрүүчүлѳрдүн жетишкендиктери жыл боюнча изилденет. окуучуларждын билим сапатына таасир этичүү баардык звенолордон структуралардын күчтүү жана алсыз жактары аныкталат. окуучулардын жана ата-энелердин чыгармачылык дареметин ачууга таасир этичүү факторлор аныкталат. Окууту иш аракеттерин талдоонун натыйжасындастратегиялык планда финансылык ресурстарды тартуу менен байланышкан, аныкталган алсыз жактар биринчи орунда турат: Мектептин ѳнүгүшү – республикалык жана жергиликктүү бюджеттерден негизги каржылоо. Кошумча каржылоону издеп биз доолборлорду жазабыз жана коргоойбуз. Мектеп доолборлор боюнча тѳмѳндѳгүлѳрдү ишке ашырды -ашкананы капиталдык ондоодон ѳткѳрдү — чатырды капиталдык ондоодон ѳткѳрдү -ашканага толугу менен шаймандарды сатып алды -мектептин айланасына жарык шамдар орнотулду
План боюнча негизги пландалган иш-чаралар 2020-жылы аткарылган Биз мугалимдерди бор,кагаз,канцелярдык буюмдар жана башкалар менен камсыз кылабыз. Мектептин жеке муктаждыктарын канаттандыруу үчүн демѳѳрчүлѳрдүн (фандрайзинг) тартабыз,демѳѳрчүлѳр негизине ата-энелер, бүтүрүүчүлѳр, айылдаштарды кызматташууга чакырабыз. Мектепке инвестиция салуу менен биз ѳз келечегибизди түзѳбүз Социалдык өнөктөштөр: Билимди өркүндөтүү планын ишке ашыруу үчүн партнердук уюмдардын салымы: 1. «Ысык-Көл өнүктүрүү фонду» 2. «Түп» айыл өкмөтү 3. “Каркыра” фонду 4. “Бүткүл дүйнөлүк өнүктүрүү” банк 5. Мерсико уюму 6. Бай түшүм банкы MERCY CORPS колдоосу менен ашкана 10 жылдык жана 20 жылдык мектептин бүтүрүүчүлөрүнөн Айыл өкмөттүн каржылоосу менен Айыл өкмөттүн каржылоосу менен Информатика кабинетине спонсорлук жардам Мектептин дарбазасы колдоочулардын жардамы менен
|
|
Республикалык бюджеттен каржылоо. Жергиликтүү бюджеттен жарым жартылай каржылоо Фандрайзинг Мектептин муктаждыктарын баалоо мониторингден ѳтүү Стратегиялык пландаштыруунун болушу Ата-энелердин туруктуу демѳѳрчүлүгү Райондук билим берүү бөлүмүнүн каржылоосу. |
-Материалдык-базаны чыңдоого жетиштүү каражаттын жоктугу Коомчулук менен иштөөнү жөнгө салуу. |